09
Декабрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жол министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин ишин координациялоону жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин иши оптимизацияланууда.
Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик агенттиги жана Салмак-габариттик контролдоо департаменти бириктирүү аркылуу кайра уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, сууда жүрүүчү транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 1, № 3, № 4 жана № 5 автомобиль жолдорунун өндүрүштүк линиялык башкармалыктары белгиленген тартипте жоюлат, мында материалдык-техникалык базаны Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин жол-эксплуатациялык ишканаларына аймактык таандыктыгы боюнча өткөрүп берилет; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин № 6 автомобиль жолдорунун өндүрүштүк линиялык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Жалал-Абад – Балыкчы автомобиль жол башкармалыгы деп аталат.
Транспорт жана жол министрлигине эки айлык мөөнөттө мекемелерди кайра уюштуруу жана жоюу менен байланышкан иш-чараларды өткөрүү боюнча тиешелүү комиссияларды түзүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүүсү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү