21

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түзүмүн оптимизациялоо жөнүндө токтомдорг

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түзүмүн оптимизациялоо жөнүндө токтомдорго кол койду.

Аталган документке ылайык, Республикалык «Манас» жаштар сарайынын функциясы жана штаттык саны Мамагенттиктин борбордук аппаратына өткөрүлөт. Бул Республикалык «Манас» жаштар сарайы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин борбордук аппаратынын функциясын кайталагандыгына байланыштуу, анткени анын түзүмүндө жаштар маселеси менен алектенген эки тармактык бөлүм бар. Көрсөтүлгөн себептер боюнча 4 штаттык бирдик менен жаштар саясатын иштеп чыгуу боюнча функциясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин карамагына өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча бардык ишти топтоштуруу чечими кабыл алынды. Буга дейре Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин түзүмүндө 19 мектептен тышкаркы спорттук уюмдар иштеген. Оптимизациялоо алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тараптан Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине мектептен тышкаркы 51 спорттук мекеме өткөрүлүп берилет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түзүмүн өзгөртүүдө Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Достук үйүнүн дирекциясы жоюлуп,  анын 18 штаттык бирдиги техникалык жана тейлөө кызматкерлеринин  эмгек акы фондусу  менен биргеликте Кыргыз Републикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүлүп берилет.

Аны менен бирге Кыргыз Републикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бир айлык мөөнөт аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Кыргыз Републикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борборунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуш  киргизүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү