18

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авиациялык кырсыктын натыйжасында каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрукка кол койду

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин резервдик фондунан Чүй облусунун Сокулук районунда 2017-жылдын 16-январында Боинг-747 аба кемесинин авиациялык кырсыкка учурашынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө каражаттар бөлүнөт.

Кыргыз Республикасынын авиациялык кырсыктан каза болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын үй-бүлөсүнө 70000 (жетимиш миң) сомдон төлөнүп берилет.

Авиациялык кырсык 2017-жылдын 16-январында, Чүй облусунун  Сокулук районунда болуп, 17-январга карата 37 жарандын өмүрүн алды. Анын ичинде 34ү Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү