31

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 2016-жыл жыйынтыгы боюнча ишин сынга алды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда, 2016-жыл үчүн өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча маселеси каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин сынга алды.

Сооронбай Жээнбеков аймактардын социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдетин ишке ашыруу боюнча жер-жерлерде жүргүзүлгөн ишти начар деп баалады.

Тактап айтканда, Премьер-министр инвестицияларды тартуу, объектилердин капиталдык курулушу, калкка мамлекеттик тейлөө көрсөтүү жана айыл аймактарын дотациядан чыгаруу боюнча иш-аракетти жетишсиз деп белгиледи.

Өкмөт башчынын айтымында, өз кызматтык милдетин тийиштүү деңгээлде аткара албаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилерине карата катуу чаралар көрүлөт.

«Калк жергиликтүү жетекчилердин иши боюнча жалпы мамлекеттик бийликтин ишине баа берет. Өзүңүздөрдүн натыйжасыз ишиңиздер аркылуу жалпы Өкмөттүн ишине көлөкө түшүрүп жатасыздар», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

[su_carousel source="media: 89064,89069"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү