17

Февраль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маммүлктү башкаруу фондуна мамлекеттик ишканалардын ишин оптимизациялоо жана инвентаризациялоо боюнча ишти жыйынтыктоону тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Болсунбек Казаковду кабыл алды.

Анда ведомствонун мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, башкаруу жана менчиктештирүүнү камсыздоо боюнча учурдагы иши жана жакынкы арадагы пландары, ошондой эле мамлекеттик менчикти пайдалануу жана башкаруу саясатын ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Фонд төрагасы Болсунбек Казаков маалымдагандай, иштеп жаткан мамлекеттик ишканалардын натыйжалуулугун комплекстүү талдоого алунун негизинде ведомство тарабынан аларды оптимизациялоо иши башталды. Тийиштүү иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кураторлугу астында тармактык министрлик жана ведомстволор менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков уставдык капиталында мамлекетик үлүшү бар ишканалардын айрым кемчиликтерине токтолду.  Өкмөт башчы мамлекеттик ишканалардын рентабелдүүлүгүн жана натыйжалуулугун, республикалык бюджетке которуулардын өлчөмүн жогорулатуу жана алардын арасындагы чыгашалуу мекемелерди аныктоо үчүн аларды инвентаризациялоо жана оптимизациялоо ишин жыйынтыктоону тапшырды.

[su_carousel source="media: 90159,90160" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү