17
Январь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КР ӨКМ «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга каражат которуу үчүн бирдиктүү эсеп ачууну тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине «Боинг-747» авиакырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчүн акчалай каражат которуу үчүн бирдиктүү эсеп ачууну тапшырды.
Мындай тапшырма Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында 16-январда орун алган «Боинг-747» авиациялык кырсыгынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга көмөк көрсөтүү, кырсык кесепеттерин жоюу, кырсыктын себептерин иликтөө маселелери боюнча кеңешменин жүрүшүндө берилди.
Белгилей кетчү нерсе, эсеп акчалай көмөк көрсөтүүнү каалаган физикалык жана юридикалык жактардын кайрылуусун эске алуу менен ачылат.
Белгилесек, кечээ, 16-январда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу курулуш башкармалыгынын дачасында болжол менен таңкы саат 07:30да «Боинг-747» учагы кыйраган, натыйжада адам курмандыктары орун алган.
[su_carousel source="media: 88430,88431"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү