23
Август
2016
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Билим берүү жана илим министрлигине Мамкурулуш агенттиги тарабынан калыбына келтирилген мектептерди көзөмөлгө алууну тапшырды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан калыбына келтирилген мектептерди көзөмөлгө алууну тапшырды.
Өкмөт башчы белгилегендей, ушул жылдын аягына чейин мурда курулушу пландалган мектептерди бүткөрүү зарыл. Тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине көрсөтүлгөн мөөнөттө курулуш иштерин аягына чыгаруу боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алуусу керек.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага кайрылып жатып: «Өзгөчө көңүлдү быйылкы табият кырсыктарынан жабыркаган мектептерге буруу керек. Жабыркаган мектептердин саны, аларды калыбына келтирүү чаралары жана оңдоо маалында балдар кайсыл жактарга жайгаштырылары тууралуу маалымат болгон жок. Мага белгилүү болгондой, айрым облустарда балдар жеке турак үйлөрдө жана клубдарда окушат», - деди.
Премьер-министр, Билим берүү жана илим министрлигине Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан курулуп жаткан жалпы билим берүү объекттерин көзөмөлгө алуусун тапшырды.
«Мектептерди куруу бекитилген курулуш нормаларына жана эрежелерине ылайык бирдиктүү стандартта жүрүшү керек. Ушул жылы республика боюнча 90 жалпы билим берүү мекемелеринин курулушу аякташы керек». – деп жыйынтыктады Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү