26
Апрель
Айыл-чарба министрлиги жазгы-талаа жумуштарынын сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз болуусун өзгөчө көзөмөлгө алуусу керек
Бул туралуу бүгүн 25-апрелде Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн жыйынында билдирди.
2016-жылдагы сугат мезгилине карата ирригация тармагынын даярдыгы туралуу КР айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев маалымат берди.
Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан өлкөнүн суу ресурстарын жана сугат суусун натыйжалуу пайдалануу максатында бир катар чаралар иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө ирригациялык иштерди даярдоого бюджеттен бөлүнгөн 115, 1млн сомдун 110,6 млн сому жумшалган.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ирригация тармагындагы маселелерди чечүүнү тездетүү тапшырмасын берди.
Мындан тышкары Өкмөт башчы айыл чарба жана мелиорация министрлигине жазгы-талаа иштерине даярдыктын сапаттуу аткарылышын жана жыйынтыкталышын текшерүү боюнча комиссия түзүү зарылдыгын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Маалыматтык камсыз кылуу бөлүмү