09
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт министрлигине үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре бардык салмак көзөмөл пункттарынын бирдиктүү электрондук тутумун түзүүнү тапшырды
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ сел жана жер көчкү орун алган Аксы жана Сузак райондорундагы абал менен таанышуу максатында Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барды.
Жалал-Абад облусуна карай сапарында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Төө-Ашууга» кирип баратып, “Сосновка” салмак габариттик контролдоо бекетине кайрылды. Өкмөт башчы унаалар ташуучу жүктү таразалоону көзөмөлдөөнүн жүрүшү жана бекеттин жабдуусунун абалы менен таанышты. Сооронбай Жээнбеков мамлекет тарабынан жолдор жетиштүү деңгээлде оңдолуп жаткандыгын айтып, бирок, жүктү таразалоону көзөмөлдөө ишинде кемчиликтер болгондуктан, жолдор талкаланып жаткандыгын белгиледи.
Жүктү таразалоо иши өзгөчө көзөмөлгө алынаарын айткан премьер-министр өлкөдөгү баардык тараза бекеттерин бирдиктүү электрондук системага туташтыруу ишин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырды. Бул иш аткарылса, жүктү көзөмөлдөө ишинде ачыктык камсыз болуп, адам фактору жокко чыгарылат. Каалаган адам бул процесстин жүрүшүн интернет аркылуу көрө алат.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин таразаны көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Эмиль Таштаналиевдин айтымында, баардык бекеттердеги электрондук көзөмөлдү борбордук серверге туташтыруу үчүн таразаларды оңдоо керек. Азыр 12 тараза оңдолуп, дагы 6 сы оңдолууга тийиш.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү