04

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик тейлөөнү электрондук форматка өткөрүү процессин тездетүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-январда, Кыргыз Республикасында электрондук мамлекеттик тейлөөнү жана сервис тутумун киргизүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кыргыз Республикасында электрондук мамлекеттик тейлөөнү жана сервис тутумун киргизүү боюнча пилоттук долбоордун бетачарын Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев сунуштады.

«Жарандардын мамлекеттик тейлөөгө ишенимин калыбына келтирүү, мамлекеттик башкаруу тутумунда коррупциялык факторлорду четтетүү, жарандардын сапаттуу жана тоскоолдуксуз тейлөө алуусуна шарттарды түзүү максатында 2017-жылдын биринчи кварталында аталган тутумду ишке киргизүү зарыл. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана катардагы жарандар электрондук форматка өтүүдөгү оңдуу өзгөрүүлөрдү сезүүсү керек», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр  мамлекеттик органдарда  маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууну жакшыртуу максатында ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүдө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык  технологиялар жана байланыш  мамлекеттик комитети менен өз ара аракеттешүүнү күчтөндүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, Кыргыз Республикасында электрондук мамлекеттик тейлөөнү жана сервис тутумун ишке киргизүүдө маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жардамы аркылуу жарандардын мамлекеттик башкаруу органдарына каттоосун минималдаштыруу эсебинен коррупция деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилеп кеткендей, дал ушул тапшырмаларды чечүү үчүн, «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы түзүлгөн. Системанын базасында азыркы тапта 8 мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлгөн 21 электрондук тейлөө тесттик режимде иштейт. Жакын арада дагы 20 мамлекеттик тейлөө системага киргизилет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бардык мамлекеттик органдардын электрондук тейлөө форматына өтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кыска убакыт аралыгында аталган системаны ишке ашырууну тапшырды.

[su_carousel source="media: 87826,87827,87828,87829"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү