23

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн алыскы аймактарына жаш педагогдорду тартуу боюнча ишти жандандырууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында өлкөнүн алыскы аймактарына жаш педагогдорду тартуу боюнча ишти жандандыруну тапшырды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги айыл мектептеринде, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелериндеги мугалимдердин жетишсиздиги көйгөйүн чечүүчү жаш мугалимдерди колдоого алуу программасын жандандандыруусу зарыл. Буга катар эмгектенүү үчүн тийиштүү социалдык-турмуштук шарттарды түзүү, алыскы аймактардагы саламаттык сактоо, билим берүү кызматкерлерине каралган финансылык колдоону камсыздоо керек.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымдагандай, министрлик тараптан учурда жаш адистерди аймакка тартуу үчүн жаңы механизмдер иштелип чыгууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү