09
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Аксы районуна барды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 6-майда, Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Кезарт жана Чалдыбар айылдарына барып, 3-майда орун алган селден жабыркаган турак-жайлардын абалы менен таанышты.
Өкмөт башчыга учурдагы абал жана селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматты өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
Анын маалыматы боюнча, Аксы районундагы селдин кесепетинен 50 турак-жай ар-кыл деңгээлдеги кыйроолорго учураган, анын ичинде 31 турак-жайдын тургундары көчүрүүгө муктаж, ал эми эки үй авариялык абалда жана жашоого жараксыз деп табылган. Мындан тышкары, 192 баш мал кырылган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу максатында 1700 литр дизелдик отун, 12 тонна цемент бөлүнгөн. Буга катар жабыркаган жарандарга 14 он орундуу чатыр бөлүнгөн. Алты айыл округунда орун алган жаратылыш кырсыгынын саркындаларын жоюу иретинде 10 даана атайы техника иш алып барууда. Жаратылыш кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.
Премьер-министр менен жолугушуу учурунда жабыркаган тургундар турак-жай үчүн жер-тилкелерин жана ссудаларды бөлүү маселесин тездетүүнү өтүндү. Ошондой эле айыл тургундары пенсия жана жөлөкпулдарды өз убактысында төлөп берүү маселесин көтөрүштү.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жолугушуунун жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелерди тез арада чечүү максатында алар көзөмөлгө алынып, пенсия жана социалдык жөлөкпулдар өз убактысында берилет.
Өкмөт башчы белгилегендей, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырсык болгон аймакта болуп, иштин жүрүшүн көзөмөлдөйт, ал эми жабыркагандарга көмөк көрсөтүү жана селдин кесепеттерин тез арада жоюу үчүн тийиштүү күч жана каражаттар жумшалат.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Аксы районуна болгон жумушчу сапарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева жана Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдер коштоп жүрүшөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү