07

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун алыскы тоолуу райондорундагы инфраструктуралык жана социалдык объектилерди кыдырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда, Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагы Гүлчө дайрасындагы селден коргоочу дамбанын долбоору менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, дамбанын жалпы узундугу 3 миң 650 метрди түзөт, учурда анын 724 метри курулган, дагы 400 метри калып, анын курулушун 2017-жылы аяктоо пландаштырылууда. Дамба калктуу пункттарды жана райондун айыл чарба тармагын суу ташкындардан коргоого багытталган. Гүлчө дайрасындагы дамбанын оңдоо иштери 2013-жылы башталган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков райондун тургундары менен жолугушууда белгилегендей, мамлекет алыскы тоолуу райондорго өзгөчө көңүл бурууда. Анын катарында социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө, социалдык объекттерди курууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Ошондой эле Өкмөт башчы Алай районунун Арча-Булак айылындагы жаңы көпүрөнүн ачылышына катышты.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, аймактардагы жол инфраструктурасын жакшыртуу Өкмөт ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Республика боюнча акыркы беш жылдын ичинде жалпы узундугу 1200 километрге жакын жол салынды.

Көпүрөнү оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталып, бүгүнкү күндө 100 % бүткөрүлгөн. Көпүрөнүн узундугу – 30 метр, долбордун сметалык наркы 9 млн сомду түзөт.

«Курулган көпүрөлөр өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө жаңы дем берет. Мында белгилей кетчү нерсе, көпүрөлөр жана жолдор биздин экономикада гана эмес, күндөлүк жашообузда да өтө чоң роль ойнойт. Жол инфраструктурасынын жакшыруусу аймактарга жаңы мүмкүндүктөрдү ачат. Унаа жолдорун оңдоого республикалык бюджеттен алгач ирет 750 млн сом каралган», - деди Өкмөт башчы.

Сооронбай Жээнбеков жаӊы көпүрөнүн ишке берилиши менен тургундарды куттуктап, жаңы көпүрө элдин жашоосун жеңилдеткен, экономика өнүктүргөн, ак жолтой көпүрө болуусун каалады.

Өз кезегинде район тургундары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековго аталган көпүрөнү кыска мөөнөттө курулуп бүткөндүгү жана салтанаттуу ачылышка жеке катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы 50 орунга эсептелген Дароот-Коргон айылындагы оорукананын курулушу менен таанышты.

КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетовдун маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы 6 млн сом өздөштүрүлгөн, оорукананын курулушун жыйынтыктоого 22 млн сом керектелет. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бул каражаттар 2017-жылга карата өлкө бюджетинде салынган жана Турдубек Мамбетовго келерки жылы объектинин курулушун өз мөөнөтүндө жыйынтыкталуусун камсыздоону тапшырды.

Турдубек Мамбетов каржылоо өз учурунда камсыздалса, курулуш иштери жарым жыл ичинде жыйынтыкталаарына ишендирип кетти.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Ош облусуна жумушчу сапары Чоң-Алай районундагы «Кара-Мык» чек ара бекетине баруусу менен жыйынтыкталды. Өкмөт башчыга кышка карата толук даярдык бар экендиги маалымдалды. Ал алыскы аймактагы аскер кызматкерлеринин жашоо-шарты менен таанышып чыгып, кызмат өтөө үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө байланышкан бардык маселелердин өз учурунда чечилүүсүн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү