12

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Лейлек райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барды

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-январда, Баткен облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Лейлек райондук ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна барды.

Борбордун жетекчиси Фархад Абдалиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө мекемеде сегиз адам иштейт. Диагностикалык борбор мал-жандыктардын ар-кыл жугуштуу ооруларына карата бактериологиялык иликтөөлөрдү жүргүзөт. Анын айтымында, финансылык каражаттардын жетишсиздигинен улам көп убакыттан бери борбордун материалдык-техникалык базасы жаңыланган эмес.

Премьер-министр ветеринардык диагностика борборун кыдырып чыгып, анын имараты жана лабораториясы жаңыланууга муктаждыгын белгиледи. Белгилесек, учурда ЕАЭБ талаптарына ылайык инфраструктураны өркүндөтүү алкагында өлкө аймактарында лабораторияларды баскыч-баскычы менен куруу жана жаңыландыруу иши жүрүүдө.

Борбордун жетекчиси Фархад Абдалиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө борбор мал-жандыктарын идентификациялоону баштоого толугу менен даяр, тийиштүү органдардын адистери окуудан өтүшкөн.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мал-чарба продукциясын экспорттоодо дүйнөлүк стандарттар талабына дал келтирүү үчүн мал-жандыктарын идентификациялоо процессинин маанилүүлүгүн белгиледи. Тийиштүү мамлекеттик органдарга жакынкы аралыкта мал-жандыктарын идентификациялоо ишин баштоо тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү