09

Май

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жакында жер көчкү орун алган Сузак районунун Алмалуу-Булак айылына барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын апрель айынын соңунда жер көчкү орун алган аталган облустун Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылына барды.

Өзгөчө кырдаалдар министри маалымдагандай, жер көчкү коркунучу сакталган аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн бардыгы көчүрүлгөн. Учурда мурда бөлүнгөн жер тилкелерине жаңы турак-жайларды куруу максатында эски үйлөр бузулуп, жарактуу курулуш материалдары алынууда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, ссудаларды жана жер тилкесин алуу шарттары иликтенип чыгат, анткени айрым тургундар бөлүнгөн ссудаларды өз убактасында ала албагандыгын айтышкан. Ал жергиликтүү тургундардан ӨКМ менен биргеликте коопсуздукту күчөтүү иретинде көчүрүү процессин тездетүүнү өтүндү.

«Мамлекет бардык зарыл жардамды көрсөтөт, бирок сиздер дагы айылда иштеп жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерине активдүү көмөк берүүңүздөр керек», — деди ал.

Мындан тышкары Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик органдардын адистерине айылдык мектепти иликтеп чыгууну жана зарыл болгон учурда коопсуз аймакта жаңы мектеп имаратын курууга даярдык көрүүнү тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү