30

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкү болгон Аюу айылына барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-апрелде, Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкү болгон Аюу айылына барды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков адам өмүрүн алган жаратылыш кырсыгына байланыштуу көңүл айтты.

Кырсык болгон жерде Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар арасында  жабыркагандарга  көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдар жана куткаруу издөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Премьер-министр кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча ӨКМ мобилдик тобу жана жергиликтүү органдар болгон аракетин көрөрүн баса белгиледи.

«Өкмөт тарабынан  болгон кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн бардык керектүү чаралар көрүлөт. Мамлекет тийиштүү жардамдын баарын көрсөтөт, биз терең кайгырабыз, бул биздин жалпы кайгыбыз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүп, жабыркагандарга жардам берүү иштери азыркы тапта кырсык болгон жерде жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин көзөмөлүндө болорун кошумчалады.

Ыкчам түрдө жергиликтүү тургундарды коопсуз жерге көчүрүү иштери жүргүзүлөт. Аюу айылынын тургундарынын жалпы тизмесин түзүү боюнча КР ӨКМ алектенет.

Кыргыз Республикасынын ӨКМ маалыматында, жер көчкү болжол менен 24 адам калган жети үй-бүлөнү басып калган. Кырсык болгон жерде КР ӨКМ күчү менен кооптуу жерде жашаган 40 кожолукка, 30 беш орундуу чатыр тигилип, 30 комплект гигиеналык каражаттар жана 30 ашкана буюмдары жеткирилди.

[su_carousel source="media: 93783,93784,93785,93786,93787,93788,93789,93790,93791,93792,93793,93794,93795,93796,93797,93799" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү