02

Май

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жакында жер көчкү түшкөн Базар-Коргон районундагы Көк Алма айылына барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында жакында жер көчкү түшкөн Базар-Коргон районундагы Көк Алма айылына барды.

Жер көчкүнүн жыйынтыгында кыйроолор жана адам өмүрү кыйылган жок. КР ӨКМ убагында иш алып баруусунун жыйынтыгында Ноокен жана Базар-Коргон райондорунан бир түндө 5000 жашоочу коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Райондун акими Айбек Бегимкуловдун маалыматында, табигый кырсыктын көлөмү 750 миң м3 түзөт. Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясындагы Көкчөгөз көпүрөсүн жана Чкалов айылындагы буга чейин суунун көлөмү көбөйгөндүктөн четтерин суу жырып кеткен көпүрөнүн абалын көрдү.

Райондун акими Айбек Бегимкулов маалымдагандай, учурда көпүрөнүн толук кыйрап калуу коркунучу болгондуктан аны колдонуу убактылуу токтотулду.

Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министрлиги менен өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы көпүрөнүн долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Кара-Үңкүр дарыясындагы Көкчөгөз көпүрөсүн ушул жылы июнь айына чейин суунун нугу азайгандан кийин демонтаждоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Райондун акимине жарандык коргоо органдары менен биргеликте жергиликтүү жарандар арасында жаратылыш кырсыктары боло турган аймактар тууралуу толук маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү менен  аларды коопсуз жайга көчүрүү боюнча активдүү иш алып баруу  тапшырмасы берилди.

[su_carousel source="media: 93947,93946,93945,93952,93950,93953,93954,93955,93956" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93945,93946,93947" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93826,93827,93828,93829,93830,93831,93832,93833,93834,93835,93836,93837,93838,93839,93840" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү