03
Декабрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык Мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды реабилитациялоо борборуна барды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-декабрда, Эл аралык майыптар күнүнө байланыштуу Бишкек шаардык Мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды реабилитациялоо борборуна барды.
Премьер-министр мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды педагогикалык жана медициналык жактан реабилитациялоо жүргүзүүчү борбордун имаратын кыдырып чыгып, борбордун жамааты жана тарбиялануучулары менен баарлашты.
Мекеме директору Гүлнара Аманкулова маалымдагандай, Борбор 1999-жылдан тарта иш алып барат, анын негизги максаты мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн көп багыттуу адискөй реабилитациялык көмөк көрсөтүү, өзүн-өзү тейлөө, эмгек терапиясы ыкмалары аркылуу алардын көзкарандысыз жашоо образына жетишүүсүнө көмөк берүү болуп саналат. Күнүнө Борборго 70 жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жактар келсе, 2016-жылдын 11 айында 300 ашуун адам келген.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жалпы күч-аракет аркылуу майыптар үчүн билим берүү, жумуштуулук, саламаттык сактоо, социалдык жана укуктук колдоо көрсөтүү тутуму сыяктуу негизги ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо зарыл.
«Учурда өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн социалдык колдоону каммсыздоо, социалдык жана реабилитациялык тейлөөнү өнүктүрүү, жашоосун жана пенсиялык камсыздоо сапатын жогорулатуу, медициналык жана башка тейлөөлөрдү өркүндөтүү боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Мамлекеттик органдар аталган категориядагы жарандардын көйгөйүн чечүүгө күч-аракетин жумшоодо. Жалпыбызды майыптардын эркинин күчтүүлүгүн, өз мүмкүндүгүнө таянуусун, алардын бактылууга жашоого умтулуудагы кайратмандыгын урматтоо сезимибиз бириктирип турат», - деди Премьер-министр.
Өкмөт башчы эмгек жамаатын алардын эмгеги жана мээримдүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды реабилитациялоо борборунун директоруна 200 миң сом суммасына сертификатты тапшырды.
Иш-чара Мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучулары тарабынан уюштурулган концерттик программа менен коштолду.
Жыйынтыгында Борбордун директору Өкмөт башчыга балдардын колу менен даярдалган белекти тапшырды.
[su_carousel source="media: 86134,86135,86136,86137,86138,86139,86140,86141,86142,86143,86144,86145,86146"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү