06

Май

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун жер көчкү жана сел орун алган райондорун кыдырат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын 6-7-майында жумушчу сапар менен Жалал-Абад облусунда болот.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы жакын арада сел жүргөн Аксы районуна барат. Премьер-министр ошондой эле Сузак районунун Алмалуу-Булак айылына барып, кырсык кесепеттерин жоюу иштери менен таанышат.

Жер-жерлердеги абал тууралуу маалыматты өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилери берет.

Жумушчу сапар алкагында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Бишкек – Ош автожолунун абалы менен таанышмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү