09

Август

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы бир катар өнөржай жана айыл чарба объектилерине барат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Чүй облусундагы бир катар өнөржай жана айыл чарба объектилерине барат.

Өкмөт башчысы Чүй облусуна болгон сапарынын алкагында, Панфилов районундагы мал чарбасына тиешелүү болгон азыктарды чыгара турган жана Абердин-Ангус асыл тукум букалардын уругун даярдоочу «Арстанбек» ААК, сүт азыктарын чыгарган «Ак-Сүт» ишканасынын жана Москва районундагы жем чыгаруучу «Кыргыз Корм» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышат. Премьер-министр ошондой эле Жайыл районундагы «Жайыл» айыл чарба өндүрүш кооперативи менен «Шертай» фермердик чарбасына да барып, ал жактагы иштин жүрүшүнөн кабар алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык максыздоо бөлүмү