24

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жумушчу сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат.

Өкмөт башчы реконструкциясы дээрлик жыйынтыкталып калган Ош аймактык ветеринардык диагностика борборунун иши менен таанышат.

Белгилүү болгондой, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматка дайындалгандан тарта Өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири катары ЕАЭБ талаптарына ыңгайлашуу шартында өлкөнүн инфраструктурасын, анын ичинде карантиндик фитосанитардык чараларды лабораториялык камсыздоо тутумун өркүндөтүүнү аныктаган. Аталган иштин алкагында жалпы республика боюнча ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча иштер башталган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сапар алкагында спорттук комплекстин ачылыш салтанатына катышып, Ош шаарындагы Тилеке баатыр жана Сай-Бою көчөлөрүн байланыштырган көпүрөнүн долбоору менен таанышат.

Ошондой эле Өкмөт башчынын катышуусунда Ноокат аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жана Араван районунун Жеке-Мисте айылындагы орто мектептин ачылышы өтөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү