26
Июль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 12-августунда күчүнө кире турган техникалык регламенттердин маанисин ишкерлерге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүүнү талап кылды
"Ишкерлерге 2017-жылдын 12-августунда күчкө кире турчу 18 техникалык регламент жөнүндө жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүү керек", - деп билдирди Кыргыз Республикасын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июлда аталган регламенттердин учурда ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу жыйынында.
Өкмөт башчы ЕАЭБге кирип жатканда өзүнө бир катар милдеттерди алганын, анын ичинде техникалык жөнгө салуу да бар экенин дагы бир жолу эскертти. Техникалык регламенттердин практикалык ишке ашуусу - бүгүнкү күндө эң маанилүү маселелердин бири, деп Сооронбай Жээнбеков белгиледи.
Жыйында Экономика министри Арзыбек Кожошев, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Олег Горин жана Ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов сөз сүйлөштү. Алар техникалык регламенттердин ишке ашырылып жатышын жана сынак лабораторияларынын даярдыгы боюнча маалымат беришти.
Бүгүнкү күндө ЕАЭБ техрегламенттеринин нормаларын ишке ашыруу боюнча жумуштар аткарылды. 97 норманы ичинен 92 норма боюнча улуттук мыйзамдардын адаптациясы жыйынтыкталды. Калгандары боюнча тиешелүү нормативдүү-укуктук актыларды иштеп чыгуу жасалууда.
Жыйында ЕАЭБ рынокторуна азык-түлүк ташыган ата мекендик экспортерлор Евразиялык экономикалык бирикменин техрегламенттеринин талаптарына ылайык иштеп жаткандары белгиленди. Ошондуктан алар бул регламенттерди киргизип жатканда эч кандай ыңгайсыздыктарды сезишпейт. Ошондой эле ишкерлерге "өткөөл мезгил" берилди - 2017-жылдын 12-августуна чейин азык заттарга берилген сертификаттар дагы эки жыл жарактуу болот - 2019-жылдын 12-августуна чейин.
Өлкөнүн ишкердик ассоциацияларынын өкүлдөрү бул процесске катышкан бардык мамлекеттик органдарга ыраазычылык билдиришти. Алар бул багыттагы биргелешкен жемиштүү ишти белгилеп өтүштү.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков күчүнө кирип жаткан ЕАЭБ техникалык регламенттерин ишке киришүүсүн жана Кыргызстандын мыйзамдарынын аларга адаптация болуусун тездетүүнү тапшырды. Мындан тышкары, ишкерлик жана экспортерлордун арасында кеңири маалымат компаниясынын улантуу дагы тапшырылды.
Бүгүнкү күндө 33 сынак лабораториясы жана 11 сертификация органдары ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизилген. Кыргызстандын болгон лабораториялык инфраструктурасын жаңылантуу жасалууда. 2017-жылдын 29-майынан баштап Ош сынак, сертификация жана метрология борборунда оңдоп-түзөө иштери башталган. Сынак базасын жаңылантуудан кийин толугу менен азык-түлүк продукциясына, жеңил өнөр жай продукциясына, балдар товарлары жана оюнчуктарга техникалык регламенттер толугу менен жабылат.
Бишкек жана Ош шаарынын ветеринардык лабораториялары 2 млн. АКШ долларынан ашуун суммага заманбап лабораториялык жабдыктарды алышты. Мындан тышкары, мамбюджеттен ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана жаңылантууга 54 млн. сом бөлүнүп берилди.
Кыргызстандын 28 компаниясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө товар ташый алган Ишканалардын реестрине киргизилди. Дагы 7 ата мекендик ишканаларды киргизүүгө арыз берилди.
Белгилей кетсек, техникалык регламенттерди киргизүү маселесин ыкчам чечүү максатында өлкөнүн министрликтери жана ведомстволорунун жетекчилеринин орун басарларынын катышуусу менен штаб түзүлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин негизинде иштеп жатат.
[su_carousel source="media: 100209,100210,100211,100212,100213,100214,100215,100216,100217,100218" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 98380,98378,98377,98376" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97752,97745" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү