31
Январь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине мектептерди куруунун бирдиктүү типтүү стандартка келтирүү талабын койду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен республикада салынып жаткан мектептердин бирдиктүү типтүү стандартка ылайык келтирилишин жана сапаттуу болушун талап кылды.
Өкмөт башчы мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдагы ишинин жыйынтыгын сынга алып, көптөгөн социалдык обьектилер, айрыкча мектептер сапаты жагынан стандартка жооп бербей жатканын билдирди.
“Мектептердин типтүү долбоорлору жалпы билим берүүчү бардык мекемелердин ичи жана сырты бирдей болушуна алып келет. Бирок практика көрсөткөндөй, мектептерди курууда белгиленген типтүү долбоорлордун талаптары аткарылбай калууда. Аны менен катар курулуп жаткан долбоорлордун наркы да бирдей болушу керек, бул талаптар да сакталбай жатат”, - деди Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр жарандардын ишеними мамлекеттик тейлөөлөрдүн ачыктыгынын жана анын сапатынан көз каранды экенине басым жасады. Бардык мамлекеттик органдар, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү социалдык маселелер тууралуу сөз болгондо, өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керектигин эскертти.
Мындан сырткары Өкмөт башчысы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге мекемедеги коррупцияны кыскартуу боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 89068,89065"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү