17

Июнь

2016

Сооронбай Жээнбеков транспорт жана коммуникациялар министри З.Айдаровдон өлкө жолдорун реконструкциялоо боюнча тендерлерди ишке ашыруунун мыйзамдуулугун тыкыр камсыздоосун талап кылды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-июнда, парламенттин 16-июнундагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Дастан Жумабеков, Төрөбай Зулпукаровдор тарабынан жолдорду куруу жана реконструкциялоо жаатындагы тендерлердин өткөрүлүшү боюнча көтөргөн маселеси боюнча транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровду кабыл алды.

Белгилесек, депутат Дастан Жумабеков Премьер-министрге Бишкек - Кара-Балта жолун реконструкциялоо боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал билдиргендей, аталган тендерде 70 млн АКШ долларына билдирме берген «China Railway» кытайлык компаниясы жеңип чыккан, ошол эле учурда жогоркудан аз сумманы, же 54 млн долларга иш аткарууну сунуштаган «Kocoglu Insaat Sanayi Tarim ve Hayvancilik Ticaret A.S.» түрк компаниясы утулуп калган.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Ош-Баткен-Исфана жолунун начар сапатын белгилесе, депутат Таалайбек Масабиров Төө-Ашуудан ылдый түшкөн Бишкек-Ош жолунун абалына көңүл бурду.

Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров Бишкек - Кара-Балта жолун реконструкциялоого тендердин өткөрүлүшү боюнча тактоо киргизди. Ал белгилегендей, 2016-жылдын 15-июнунда тендердик комиссия тарабынан талапкерлердин финансылык сунуштары ачылып, бүгүнкү күндө жеңүүчү аныктала элек.

Замирбек Айдаровдун маалыматына ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тараптан аталган тилкени реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруучу жалданма компанияны тандоо процесси жүрүүдө.

Тендер 2015-жылдын 15-декабрында жарыяланып, документтерди берүү мөөнөтү 2016-жылдын 9-февралына белгиленген.  Тендерге катышууга 16 компания арыз берген.

Азия Өнүктүрүү банкынын талаптарына ылайык, аталган долбоордун донору келерки жылдын 17-майына чейин техникалык баалоо боюнча сунуштарын берүүгө тийиш.

Азия Өнүктүрүү Банкынын  арыз берген компаниялар боюнча каты 2016-жылдын 10-июнунда келген. Анда тендерге катышкан 16 компаниянын алтоо Азия Өнүктүрүү банкынын талаптарына жооп берген эмес, дагы бирөө алардын кара тизмесинде болуп чыкты. Калган тогуз талапкер компаниянын арызы кабыл алынган.

54 млн АКШ долларын сунуштаган «Kocoglu Insaat Sanayi Tarim ve Hayvancilik Ticaret A.S.» компаниясы тендерге катышууда талап кылынуучу сумманын банктык кепилдик документин көрсөткөн эмес.

Белгилей кетсек, калган компаниялардын бардыгы өздөрүнүн арызында көрсөтүлгөн 1,8 млн АКШ доллары боюнча банктын камсыздоо документтерин көрсөткөн. Бул катышуучулардын финансылык өз алдынчалуулугун далилдейт. Тендердеги талапка ылайык жеңүүчү деп табылган компания буйрук берүүчү тарап менен келишим түзгөндөн баш тартса, банктын кепилдик суммасы кайтарылбайт, жана КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин пайдасына кармалып калат.

Министр З.Айдаров Ош-Баткен, Исфана жолунун Ноокат ашуусундагы жолдун сапатына тийиштүү маселеге токтолуп,  аталган жолдун участогу мамлекеттик комиссия тарабынан кабыл алына электигин  билдирди. 2016-жылдын 15-июлуна чейин жолдун сапаты боюнча иштер улантылат. Бардык кемчиликтер ортомчу компаниянын эсебинен бүткөрүлөт. 2015-жылы кайра оңдоо ишитери эки участкада жүргүзүлсө, быйылкы жылы бул иш кайрадан улантылат.

Министр Замирбек Айдаров  Премьер-министрдин тапшырмасынын аткарылышы боюнча маалымат берип, Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу участкасындагы жаракаларды оңдоо  иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бүгүнкү күндө ашуунун  9-146 км чейинки участогунда оңдоп-түзөө иштери аткарылууда.

Ал эми жолдун 132-км ден 142-км ге чейинки участогу  катуу талкалангандыгына байланыштуу 2 кабат асфальт бетондоону 5 чакырымга чейин жабуу пландаштырылууда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаровго өлкөдөгү  жолдорду салууга жана реконструкциялоого,  анын ичинде Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоого байланыштуу жарыяланган тендерлердин мыйзамдуулугун камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Өкмөт башчы тийиштүү министрлик жетекчислигине жол-транспорт коммуникация тармагын жакшыртуу боюнча долбоорлордун сапаттуу ишке ашырылуусу боюнча жеке жоопкерчилик артыларын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү