10

Сентябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Карен Карапетянды Армения Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  10-сентябрда, Карен Карапетянды Армения Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктады.

«Урматтуу Карен Вильгельмович,

Сизди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Армения Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен чын дилимден куттуктайм.

Ар кыл багыттагы өз ара пайдалуу эки тараптуу, анын катарында Евразиялык экономикалык биримдик алкагындагы  кызматташуунун келечектеги өнүгүүсү биздин өлкөлөрдүн кызыкчылыгына толук дал келет деп ишенем. Сиздин бул жогорку кызматтагы ишмердүүлүгүңүз биздин өлкөлөр ортосундагы элдердин кызыкчылыгында  кыргыз-армян кызматташтыгын бекемдейт  жана өнүктүрөт деген ишенимдемин.

Урматтуу Карен Вильгельмович, сизге чын ден соолук, тынчтык жана мамлекеттик жооптуу ишиңизге ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысынын куттуктоосунда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү