01

Июнь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоо тексти: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан силерди Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм! Балалык – ар бир адамдын жашоосундагы унутулгус курак. Алдыга койгон аруу тилек, максаттардын мезгили. Балдар – биздин эң кымбат байлыгыбыз. Балдардын бактысы – биздин бактыбыз. Силердин, балдарыбыздын ден соолугунун бекемдигин, жакшы жашоосун, билим-тарбия алуу укугун камсыздоо өлкөнүн мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты. Бактылуу балалыкты коргоо – биздин негизги милдетибиз. Кымбаттуу балдар! Силерге чың ден соолук, окуудагы жетишкендиктерди, өнөрүңөрдүн өркүндөп-өсүүсүн каалайм. Алдыга койгон ак тилектериңер ишке ашсын! Майрамыңар менен! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри    С.Ш. Жээнбеков”

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү