31

Август

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

^FC486D6DBD3739845FB2ED21D1E0680C625DFBB86F96E730C5^pimgpsh_fullsize_distr

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Өкмөт башчынын куттуктоо тексти:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан өлкөбүздүн Көз карандысыздык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Өткөн 25 жыл ичинде Кыргызстан эли кыйчалыш кырдаалдардан өтүп, кыйынчылыктарды жеӊип, дүйнө мамлекеттеринин катарында эркин жана демократиялык өлкө катары өз ордун тапты.

Азыркы милдетибиз - мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, коопсуздугун бекемдөө, эл биримдигин чыӊдоо, экономиканы алга сүрөп, демократиялык коомду өнүктүрүү. Биз эгемендикти көздүн карегиндей сактап, гүлдөгөн мамлекетти кийинки муундарга өткөрүп берүүнү негизги максатыбыз катары белгилейбиз.

Келечекте күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн бизге тынчтык, ынтымак жана талыкпаган эмгек керек. Ак ниетибиз, адал эмгегибиз менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга салым кошуу - ар бирибиздин жарандык милдетибиз.

Урматтуу кыргызстандыктар! Жерибизде тынчтык болсун, жүрөгүбүздө ыйман орноп, ишибизди ийгилик коштосун! Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!

КР Премьер-министри                                                    Сооронбай Жээнбеков».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү