01
Июль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Премьер-министрдин куттуктоо тексти:
“Урматтуу медицина кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм! Сиздердин кесип - сыймыктуу жана ардактуу. Кыргызстандын башкы байлыгы эл болсо, ал эми улуттун саламаттыгын сактоо – сиздердин негизги милдет.
Саламаттык сактоо тармагынын бирден бир багыты – кабыл алынган мамлекеттик программалардын натыйжалуулугун көтөрүү, эне жана баланын ден-соолугун коргоо, айыл жергесин медициналык кадрлар менен камсыздоо, саламаттык сактоо мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу.
Республиканын саламаттык сактоо тармагы акыркы мезгилде өнүгүүнүн татаал баскычтарын өтүүдө. Албетте, медицина тармагында жеткиликтүү реформаларды жасоо менен ийгиликтерге жетишүү үчүн убакыт керек. Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саламаттык сактоо тармагын колдоп, өнүктүрүүгө, анын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, калкка жогорку технологиялык медициналык кызмат көрсөтүүгө жана кызматкерлердин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө көңүл бөлүүдө. Урматтуу медицина кызматкерлери!
Майрам күнү саламаттык сактоо тармагынын ардагерлерине бул тармакты өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы, мыкты дарыгерлердин бир нече муунун тарбиялап чыгарган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем.
Ал эми учурда кызмат өтөп жаткан ак халатчандар, Сиздердин жооптуу эмгегиңер элибиздин дени сак, келечеги кең болуусуна арнала бермекчи деп ишенем. Ардактуу кесибиңерде жаратмандык жана ийгиликтерди каалайм!
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков"
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү