11

Июнь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевди Россия күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевди мамлекеттик майрам - Россия күнү менен куттуктады.

“Сиздин Кыргыз Республикасына жакында болгон расмий сапарыңыздын алкагында бардык жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышы кыргыз-россиялык кызматташтыктын мындан аркы көп тармактык өнүгүүсүнө, мамлекеттерибиздин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздук мамилелердин бекемдөөсүнө жакшы түрткү берет деп ишенем”, - деп айтылат Өкмөт башчысынын куттуктоосунда.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми боордош Россия элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү