07
Октябрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен менен куттуктады.
Төмөндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун куттктоо текстин келтиребиз:
«Урматтуу авиаторлор!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Жарандык авиация күнү менен куттуктайм! Авиациялык транспорт Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык тармагында маанилүү ролду ойнойт. Биздин жарандык авиация өзүнүн 83 жылдык тарыхында жетишкен ийгиликтери – өз ишине чексиз берилген жана таланттуу инсандардын кайратман ишмердигинин натыйжасы.
Урматтуу авиаторлор! Учкуч кесиби менен жаңы бийиктиктерге жана жетишкендиктерге умтулуу түшүнүгү бирге кабылданат! Сиздер аба катмарында көпүрө түзүү аркылуу адамдарды тийиштүү коммуникация менен камсыздап, дүйнө жүзү боюнча көп сандаган адамдарды байланыштырып турасыздар. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр – жарандардын коопсуздугунун кепилдиги.
Ушул майрам күнү авиация ардагерлерине, аба кемелеринин экипаждарына жана жер үстүндөгү кызмат өкүлдөрүнө иштеги ийгиликтерди, үмүт-тилектердин ишке ашуусун, ден-соолукту жана үй-бүлөлүк бакытты жана ачык асман каалайм!».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү