22

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков энергетикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

SAB_6436s

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков энергетикалык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу энергетиктер жана ушул тармактын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Энергетиктердин күнү менен куттуктайм!

Энергетика - өлкөнүн экономикасынын негизи, өнөр жай ишканаларынын, мамлекеттик мекемелердин, мектептердин, ооруканалардын үзгүлтүксүз иштеши, үйлөрүбүздөгү жылуулук жана ыңгайлуулук энергетиканын ишине көз каранды.

Энергетикалык ишканаларда миңдеген мыкты адистер иштейт, алар кыйынчылыктарга карабастан элди энергия менен туруктуу жана коопсуз камсыздап жатышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурат. Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү комплекстүү пландары даярдалып, аларда жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана эскилерин модернизациялоо, жаңы электр өткөрүүчү линияларды жана подстанцияларды куруу, бөлүштүрүүчү жана жылуулук берүүчү тарамдарды өнүктүрүү, электр энергияны эсепке алуунун автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү белгиленген. Ушул пландарды сиздер менен биргелешип ийгиликтүү ишке ашырабыз.

Кийинки жылдарда энергетика тармагын өнүктүрүүдө бир топ орчундуу ийгиликтер болду – өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу камсыздалды, энергия иштеп чыгаруучу кубаттуулуктарды көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Тармактын ардагерлерине айрыкча ыраазылык билдиремин. Сиздердин түйшүктүү эмгегиңиздер, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн ыракмат!

Энергетика тармагынын бардык кызматкерлерине тынчтыкты, иштеги ийгиликтерди, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакты-таалай каалаймын!».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү