23
Июнь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Төмөндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин куттуктоо тексти:
«Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Мамлекеттик кызматкерлер күнү – кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Мамлекеттик кызматкерлер зор жоопкерчиликти аркалап, өлкөбүздүн башкаруу системасын жаңы шартта калыптандырып, элге кызмат өтөп келесиздер. Мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсү, калкыбыздын турмуш деңгээлинин жогорулашы сиздердин ишмердигиңер менен тыгыз байланыштуу.
Сиздер жооптуу кызматты ийгиликтүү аркалоо менен өлкөбүздө мамлекеттик башкаруунун жаңы системасын өркүндөтүп, эл ишенимин актап, мекенчил позицияны бекем карманасыздар деп ишенем.
Сиздерге бекем ден-соолук, бакубат турмуш каалоо менен бирге, Кыргызстандын гүлдөп өсүшүнө ак иштеп, мамлекеттик кызматтын кадыр баркын мындан ары да бийик көтөрөт деген тилектемин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков».КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү