16

Сентябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков токой чарба тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков токой чарба тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо текстин келтиребиз:

«Урматтуу токой чарба тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңар - токой чарба кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик токой фондусундагы, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы экосистемалар менен токойлорду сактап калуу, калыбына келтирүү жана ирээттүү пайдалануу маселесине Өкмөт тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда.

Биздин токойлор Кыргыз Республикасында гана эмес, Борбордук Азияда да оазис катары экологиялык балансты сактап турууда өтө зор мааниге ээ.

Токой экосистемаларын талапка ылайык сактоо менен экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу дүйнөлүк коомчулукту түйшөлткөн көйгөйлүү маселе.

Токой тармагынын кызматкерлери ар жылы миңден ашуун гектар аянтка экме токойлорду түзүү жана жашылдандыруу үчүн жаңы көчөттөрдү өстүрүп, токойду сактоо, коргоо жумуштарын жигердүү аткарып  жатышат. Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууда күнү-түнү өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып жатышкан жаратылышты коргоо кызматкерлерине,  тармактын ардагерлерине, эмгек сиңирген  токойчуларга,  ардактуу аксакалдарга ак эмгеги үчүн  терең ыраазычылык билдирем.

Урматтуу токой чарба кызматкерлери! Сиздерге чың ден соолук, ийгилик, бакубат турмуш жана бакыт-таалай каалайм!».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү