01
Июль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков салык кызматкерлерин куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков салык орган кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Премьер-министрдин куттуктоо тексти:
«Урматтуу Кыргыз Республикасынын салык кызмат органдарынын кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын! Өлкөбүздү өнүктүрүүгө, мамлекетибиздин жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган экономикалык жана социалдык маселелердин бардык комплексин турмушка ашыруу салык кызматкерлеринин ак ниет жана натыйжалуу иш-аракеттерине жараша болот.
Салык кызматынын негизги милдети - мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо. Мамлекеттин биринчи кезектеги чыгымдарын толугу менен каржылоо үчүн салык кызматы болгон резервди табуу, бизнести көмүскөдөн чыгаруу жана салык органдарындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү үчүн бардык чараларды көрүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык бирликке мүчө болгон шартта салыктарды толук чогултууну камсыз кылуу жана салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча иштерди улантуу керек. Ошондой эле бизнес-коомчулук менен конструктивдүү диалог курууга өзгөчө көңүл бөлүү зарыл.
Салык кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, тажрыйбасы жана ак ниет иши салык кызматынын алдына коюлган милдеттерди мындан ары да толугу менен аткарууга өбөлгө болоруна ишенемин.
Урматтуу салык кызматкерлери!
Сиздерге бекем ден соолук, Кыргызстандын жыргалчылыгы жана гүлдөп өсүшү үчүн өтөп жаткан кызматыңыздарга ийгилик каалаймын!
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков».Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү