01
Июль
2016
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков куткаруучуларды кесиптик майрамы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Премьер-министрдин куттуктоо текстин келтиребиз:
“Урматтуу куткаруучулар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Куткаруучулар күнү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси менен куттуктайм! Сиздер капилеттен келген кырсыкта өз өмүрүн тобокелге салып, адам өмүрүн аман алып калган, алгачкылардан болуп жардамга кол сунган арабыздагы сыймыктуу каармандарсыздар. Ушул түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, кооптуу табигый кырсыктарды жеңип, элге кызмат кылып келесиздер. Сиздердей эр жүрөк, мекенчил, өз жерине берилгендик менен мээнет кылган азаматтарыбыз бар болгону үчүн журтубуздун көңүлү тынч. Урматтуу куткаруучулук кесиптин ээлери! Мындан ары да өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча татаал жана жоопкерчиликтүү милдеттерди ийгиликтүү аткарасыңар деп ишенем. Сиздердин ишиңиздерге албан ийгиликтерди, бекем ден-соолук каалап, үй-бүлөңүздөр менен бакубат, узак өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин. Жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, элибиз бөөдө кырсыктан тышкары болсун! Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков”Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү