30
Декабрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Токмок шаарындагы адистештирилген балдар үйүнүн тарбиялануучуларын жана кызматкерлерин Жаңы жылы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-декабрда, Токмок шаарындагы адистештирилген балдар үйүнө барды.
Өкмөт башчысы социалдык мекеменин тарбиялануучуларын жана кызматкерлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, социалдык коргоого муктаж болгон калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү Өкмөттүн негизги милдеттерин бири экендигин билдирди.
Сооронбай Жээнбеков балдар үйүндөгү ыңгайлуу шарттын түзүлүшүнө андагы кызматкерлердин салымы зор экендигин айтып, мекеменин жамаатына ыраазычылык билдирди.
Премьер-министр Токмок шаарындагы адистештирилген балдар үйүнүн тарбиялануучуларына бекем ден-соолук, ийгилик каалап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жаңы жылдык белектерди тапшырды.
Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, өздөрү жасаган куттуктоо баракчасын белекке берди.
[su_carousel source="media: 87784,87785,87786,87787,87788,87789,87790,87791,87792,87793,87794,87795,87796,87797"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү