20
Декабрь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20- декабрда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоодо төмөндөгүдөй айтылат:
«Урматтуу улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери!
Ардактуу ардагерлер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Улуттук коопсуздук органдарынын кесиптик күнү менен куттуктайм.
Сиздердин улуттук коопсуздуктун, конституциялык түзүлүштүн жана өлкө бүтүндүгүнүн камсыздалышына, өзгөчө, эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы турууга кошкон салымыңыздар баа жеткис.
Өз милдетин берилүү менен ак кызмат аткарган ардагерлер Мекенге кызмат өтөөнүн жогорку салтын түптөп, өлкөнүн улуттук коопсуздук органдарынын калыптануу тарыхына бир катар жаркын барактарды калтырышкан. Учурда кызмат өтөп жаткан кызматкерлер кыраакылык жана туруктуулук менен ары татаал, ары бийик эсептелген өлкө коопсуздугун камсыздоо боюнча милдетти аркалоодо.
Сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөдөгү бакубаттууулукту жана Кыргызстандын өнүүгүсү үчүн кызматтагы ийгиликтердин орун алуусун каалайм».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү