25
Февраль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республкиасынын «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» мамлекеттик программасынын алкагында насыясы миллиарддык сомго дал келген окутуучу Сайкал Садирова
Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республкиасынын «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» мамлекеттик программасынын алкагында насыясы миллиарддык сомго дал келген окутуучу Сайкал Садированы куттуктады.
Белгилей кетсек, Сайкал Садирова «Даяр турак жай алуу» аркылуу «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК ипотекалык насыя алды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «МИК» ААК биринчи жолу түзүлгөндүгүнө карабастан бир жылга жетпеген убакытта 1 млрд. сомду ийгиликтүү иштете алганын жана бул көрсөткүч өнүгүп келе жаткан мамлекеттик компания үчүн жакшы натыйжа экенин белгиледи.
Өкмөт башчысы эскерткендей, «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын негизги максаты өлкөнүн жарандарына жеткиликтүү турак жай жана эконом-класстагы курулуш аркылуу жеке турак жай алууга шарт түзүү болуп саналат.
«Бул мамлекеттик кызматтарда иштеген жарандардын рыноктук шартта турак жай алып, батир маселесин чечүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк», — деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
[su_carousel source="media: 90559,90560,90561" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү