31

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өкмөт аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүсү зарыл, ал эми аймактар мында эң активдүү ролду ойношу тийиш

«Сиздерде ыйгарым укук жетиштүү, аларды пайдалана билүү зарыл. Аймактык бийликтин министрлик жана ведомстволор менен ошондой эле аймактар аралык өз-ара ракеттешүүсү начар болууда. Аймактык бийлик жергиликтүү бизнес жана калк менен ишти активдештирүүсү керек. Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги максаты калк турмушунун сапатын жакшыртуу болуп саналат. Бул үчүн тармактардын өнүгүүсү, чет элдик жана ички инвеситицияларды тартуу, жаңы ишканаларды ишке киргизүү, жумушчу орундарды түзүү, бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ички миграцияны башкаруу жолу аркылуу аймактын экономикасы өнүгүүсү зарыл», - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков дүйшөмбүдө, 30-январда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында.

Ал белгилегендей, бул көрсөткүчтөр Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын ишине баа берүүдө негизги критерий катары болушу тийиш. Негизги көйгөй катары статистикалык маалыматтар саналат. Аймактардын паспорттору 2009-жылдан бери жаңыртылган эмес. Бул үчүн өнүгүүнүн бардык көрсөткүчтөрүн камтыган аймактын Паспортунун типтүү форматын иштеп чыгуу жана бекитүү жана үзгүлтүксүз түрдө мониторинг жүргүзүп, тийиштүү жыйынтыктарды чыгарып туруу зарыл.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы белгилегендей, аймактардын активдүүлүгүн жогорулатуу, алардын русурсун пайдалануу натыйвалуулугун жогорулатуу, аймак боюнча өндүрүш күчүн туура бөлүштүрүү эсебинен гана социалдык-экономикалык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн.

«Ар-бир аймак адистешүү багытын аныктоо, чарба механизминин иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу жана инвестициялык жагымдуулугун камсыздоо арлкылуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуусу керек. Учурда товар өндүрүүчүлөрдү ирилештирүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу милдети гана эмес, жалпы кластерди өнүктүрүү милдети коюлууда», - деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Өкмөт аймактарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүсү зарыл, ал эми аймактар мында эң активдүү ролду ойношу тийиштигин кошумчалады.

[su_carousel source="media: 89069,89064"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү