26
Январь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: КР Өкмөтү мамлекеттик инвестицияларды натыйжалуу башкаруу боюнча ишти күчтөндүрөт
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-январда, 2015-2016-жылдарга мамлекеттик инвестициялар бюджетин аткаруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.
Премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдары министрлик жана ведомстволор тарабынан мамлекеттик инвестициялар бюджетин начар аткаруу тенеденциясы байкалып жаткандыгы Өкмөт жана Финансы министрлигинин алдына республикалык бюджетти толук кандуу аткаруу маселесин коюуда.
«Аткаруу агенттиктери тараптан инвестициялык долбоорлор алкагында бекитилген бюджеттердин аткарылбай жатышы иш жүзүндө Өкмөттүн ресурсту теңдештирип бөлүштүрүү, ошондой эле мамлекеттик карызды башкаруу боюнча күч-аракетин алсыздандырууда», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Өкмөт башчы бир катар министрлик жана ведомстволордун Мамлекеттик инвестициялар программасынын бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз ишине басым жасады. Ал белгилегендей, 2017-жылы мамлекеттик инвестициялар бюджетин өз учурунда жана толук кандуу аткарылышына гана өзгөчө көңүл бурулбастан, аткаруу агенттиктиринин долбоордун максатына жетүү предметине, анын тармакка жана жалпы экономикага болгон таасирин тутумдук талдоо жүргүзүү аркылуу займдык каражаттардын пайдалануу сапатына да көңүл бурулат.
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт Аппаратында көзөмөлдү күчөтүү үчүн Мамлекеттик инвестициялар программасын координациялоо сектору түзүлөт.
Өкмөт башчы министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин мамлекеттик инвестициялар багыты боюнча 2017-жылы бюджетте бекитилген каражаттардын өз убагында жана толук кандуу өздөштүрүлүшү үчүн жеке жоопкерчилигин дагы бир ирет эске салды.
Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматына караганда, мамлекеттик инвестицияларды ишке ашыруу долбоорунун алкагында 2015-жылы мамлекеттик инвестициялар боюнча жалпы чыгымдын көлөмү 75,5% түзгөн. 2016-жылдын 12 айында мамлекеттик инвестициялардын жалпы чыгымынын көлөмү болжол менен 86,0% түздү.
Мындай көрсөткүчтүн себеби ички жана тышкы факторлорго байланыштуу деп белгиледи министр Адылбек Касымалиев.
Тышкы факторлорго: кайрылууларды донор-өлкөлөр тарабынан макулдашуу жана жактыруу узак жылдарга кармалуусу, жыйынтыктарын кароо процессинде аткаруучу агенттиктердин сатып алуулары; ички факторлорго: Кыргызстандын министрликтери жана ведомстволору ички мамлекеттик процедураларды узакка макулдашуусу, долбоордук жана башка документациялардын өз убагында даярдабагандыгы, Финансы министрлигине аткаруучу агенттиктер тарабынан арыздардын өз убагында берилбегендиги, долбоорлордун алкагында жалданма жана ортомчу уюмдар тараптан пландык иштерди аткаруудагы кетирилген кемчиликтер кирет.
Жыйында аткаруучу агенттиктер тарабынан инвестициялык долбоорлорго мониторинг жүргүзүлбөгөндүгү, КР Финансы министрлиги долбоорлорду донорлордун жана аткаруучу агенттиктер менен биргеликте талдоодон өткөрүүгө бардык күч аракетти жумшап жаткандыгы, бирок жылдан жылга бюджетти аткаруу начарлап бараткандыгы белгиленди.
Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Финансы министрлигине мамлекеттик инвестициялар долбоорлору боюнча салынган каражаттарды өздөштүрүүдөгү кармалуулардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу максатында алар тууралуу өз учурунда маалымдоону, ошондой эле мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун натыйжалуулугуна экономикалык баа берүү ыкмасын иштеп чыгууну тапшырды.
[su_carousel source="media: 88977,88978,88979,88980,88981,88982,88983,88984"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү