24

Декабрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков : Өкмөт спортту өнүктүрүүгө, келечектеги дени сак муунду тарбиялоого багытталган ишти улантат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, Ош облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош шаарындагы спорттук комплекстин ачылыш салтанатына катышты. Өкмөт башчы белгилегендей, учурда өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө багытталган активдүү иш жүрүүдө. Республика боюнча ар-кыл спорттук аянттар жана комплекстер курулууда. Кыргызстанда эл аралык, республикалык маанидеги, анын катарында Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүүдө. Премьер-министр мындай спорттук комплекстер жаштардын спортко болгон сүйүүсүн тарбиялоого, атамекендик спортчуларга ар-кыл эл аралык жана Олимпиадалык оюндарда алдыңкы орундарды ээлөөгө көмөк берет деген ишенимин билдирди. Мындай деңгээлдеги комплекстер калк арасында спортту жайылтуу борбору катары жалпы калктын ден-соолугун чыңдоочу маанилүү фактор катары саналат. «Өкмөт спортту өнүктүрүүгө багытталган ишти улантууну ниеттенүүдө. Алсак, Кыргызстандын атын эл аралык аренада чыгарчу чемпиондорду, дени сак муунду тарбиялоо максаты коюлган», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Өкмөт башчы иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубаттуулук жана спорттук жетишкендиктерди каалады. Премьер-министр ошондой эле Ош шаарындагы Тилеке баатыр жана Сай-Бою көчөлөрүн байланыштырган көпүрөнүн долбоору менен таанышты. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, көпүрөдө жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана велосипедчендер үчүн өзүнчө жол каралган. Көпүрөнүн узундугу – 45 метр, ал эми туурасы 15 метрди түзөт. Долбоордун жалпы сметалык наркы республикалык бюджеттен 48 млн. сомду түзөт. Курулуш иштерин 2017-жылдын биринчи кварталында баштоо пландаштырылууда. Өкмөт башчы белгилегендей, аймактардын инфраструктурасынын жаңыртылышы өлкө экономикасынын өнүгүү көрсөткүчү болуп саналат. Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, объекттин курулушу өз убактысында каржыланат жана тийиштүү органдарга бардык ишти сапаттуу жүргүзүү тапшырылды.

[su_carousel source="media: 87529,87530,87531,87532,87533,87534,87535,87536,87537,87538,87539,87540,87541,87542,87543,87544,87545"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү