27
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өкмөт рентабелдүү эмес мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу иштерин улантат
“Өкмөт рентабелдүү эмес мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу иштерин улантат”, - деп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берүү учурунда маалымдады.
Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик ишканалардын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу жана эффективдүү башкаруу максатында мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу иштери жүргүзүлгөн.
“1130 мамлекеттик ишкананы талдап чыктык. Анын жыйынтыгы боюнча 2016-жылы 118 ишкана жоюлду, 81 мекеме кайрадан түзүлдү жана 19 мамлекеттик ишкана башкаларга кошулду”, - деп Сооронбай Жээнбеков эскертти.
Муну менен Премьер-министр Өкмөт тарабынан мамлекеттик менчикти башкаруу системасында өзгөртүүлөр башталганын белгиледи.
«“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри” түзүлдү. 2017-жылдын аягына чейин Өкмөт мамлекеттик мүлктү толугу менен инвентаризациялоо ишин аягына чыгарууну көздөп жатат», - деп Сооронбай Жээнбеков кошумчалады.
[su_carousel source="media: 93628,93625" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү