21

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өкмөт суу пайдалануу жана ирригация системасын жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча ишти улантат

Бүгүн, 21-апрелде, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Актурпак айылындагы Бүргөндү массивинде ирригациялык түйүндүн ачылышы болду.

Ирригациялык түйүндүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков катышты.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундарды өлкөдөгү ири долбоордун ишке кириши менен куттуктады. Ал өлкө Президенти Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен,  бардык тармактарды өзүнө камтыган 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясы кабыл алынганын эскертти. Туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында өлкөдөгү ирригациялык системаны өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ.

«Калктын 70% айыл жергесинде жашагандыгын эске алуу менен, туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жалпы суммасы 2 млрд сомдук 2 миңден ашык айыл чарба техникалары берилип, дыйкан-фермерлеге жеңилдетилген насыя берүү боюнча Программа иштелип чыкты. Акыркы беш жылда «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында 18 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы бүгүнкү ачылып жаткан ири долбоордун кыска убакыт аралыгында ишке ашарына көптөр ишенбегендигин баса белгиледи.

«Өлкө Президентинин жеке көзөмөлү менен аталган  долбоор ишке ашты. Долбоорду ишке ашыруу өлкөнү бекемдеп, ички миграция агымын азайтып, жергиликтүү тургундарга кошумча жумуш орундарын түзөт. Бүгүнкү күндө суу дүйнө жүзундө эң баалуу ресурска айланды. Биз өлкөдөгү суу ресурстарын чоң жоопкерчилик менен аярлап, эффективдүү колдонушубуз керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Өкмөт сугат суу башкаруу системасын иштеп чыгуу жана жакшыртуу үчүн мындан ары да иштерди улантарына басым жасады. Азыркы тапта өлкөнүн мелиоративдик мүмкүнчүлүгүн 50 миң гектарга кеңейте турган, ирригациялык системаны өнүктүрүү боюнча 10 жылдык Программа иштелип жатат. Өкмөт башчы Бүргөндү массивиндеги жер, жер тилкеси жокторго берилерин билдирди. Аталган чечимдин алкагында жер бөлүштүрүү маселеси менен алектенген тиешелүү мамлекеттик органдардан турган ведомстволор аралык комиссия түзүлөт.

Айыл чарба тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба жана мелиорация департаментинин маалыматында «Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бүргөндү массивиндеги жаңы сугат жерин өздөштүрүү» долбоору туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында 3 этап менен ишке ашты. Жыйынтыгында  узундугу 1,56 чакырым болгон эки суу тосмосу менен дюкер, 3 чакырым болгон жабдуулары жана ички чарбалык түйүнү менен магистралдык канал курулду. Жыйынтыгында 3850 гектар сугат жери өздөштүрүлдү.

 [su_carousel source="media: 93245,93246,93247,93248,93249" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү