19
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өкмөт экспортолуучу продукцияларды стандартизация жана сертификациялоо маселеси боюнча маалыматтык компанияны күчөтүүдө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экспортолуучу азыктарды стандартизация жана сертификациялоо маселеси, 2017-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кире турган ЕврАзЭСтин 18 техникалык регламенти жана ХАСПП принциптерин киргизүү боюнча маалыматтык иштери жүргүзүлүп жатат», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын кароосуна киргизгенде.
«ЕврАзЭСтин алкагында жаңы рыноктордун бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу максатында экономиканын тармактары үчүн ортодогу инфраструктураны түзүү зарыл. Бул үчүн 2017-жылы “Текстиль-тигүү өндүрүшү үчүн “Технополис” долбоорун ишке киргизүү боюнча иштер улантылат. Бул маселе төрт жылдан бери бир орундан жылбай турган. Отчёттук жыл ичинде биз Военно-Антоновка айылынан жер бөлүп берүү башкы маселесин чечүүгө жетиштик. Мындан сырткары Өкмөт тарабынан 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынды.Бул багытты колдоо үчүн Токмокто “Текстиль-Транс” ишканасы ишке киргизилди. Кара-Балта шаарында 35 млн АКШ долларлык Деңиз-текстиль фабрикасынын курулушу башталды», - деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
[su_carousel source="media: 93065,93062" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү