27
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Коңшу мамлекеттер менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо ишинде Өкмөт жакшы жыйынтыктарга жетишти
“Коңшу мамлекеттер менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо ишинде Өкмөт жакшы жыйынтыктарга жетишти”, - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берүү учурунда.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, 2016-жылы коңшу өлкөлөр менен чек араларды делимитация жана демаркация боюнча сүйлөшүүлөр активдештирилген.
“Өзбекстан менен болгон чек арабыздын 1055 км же 76,5% такталган, Тажикистан менен 519 км тилке же 54% такталып, чек ара сызыктарынын өтүшүнүн долбоорлору жазылды”, - деп Сооронбай Жээнбеков белгиледи.
Өкмөт башчынын айтымында, калган участоктор боюнча мамлекеттер ортосундагы Өкмөттүк комиссиялар биргелешип тиешелүү тактоо, талаа-изилдөө иштерин жүргүзүү ж.б. макулдашуу иштерин улантууда.
Премьер-министр бул багытта коңшу өлкөлөр менен достук мамилелерди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекеттер ортосунда бирдиктүү иштерди активдештирүү иштери жүрүүдө.
[su_carousel source="media: 93629,93631,93630" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү