27
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өкмөт тарабынан ирригацияны өнүктүрүү Мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыкты
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү Мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыкты», — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берүү учурунда.
Өкмөт башчысы 2013-2017-жылдарга өлкөнүн туруктуу өнугүү Улуттук стратегиясынын алкагында ирригациялык системаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.
«Өлкөнүн туруктуу өнүгүү Улуттук стратегиясынын алкагында айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын эске алуу менен, жалпы суммасы 2 млрд сомдук 2 миңден ашык айыл чарба техникалары берилип, дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү программасы иштелип чыкты. Акыркы беш жылда «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында 18 млрд сомдук жеңилдетилген насыялар берилди», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Ал экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшүнө, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү тармагына карата бериле турган насыялардын пайыздык көрсөткүчү 6% түшкөнүн баса белгиледи. Жыл башынан бери агрардык тармакка берилген насыянын көлөмү 1,5 млрд сомдон ашып, жылдын аягына чейин бул сумманы 7 млрд сомго чейин жеткирүү пландалууда.
Премьер-министр Өкмөт тарабынан сугат тармагын жакшыртуу жана суу колдонуу системасын өнүктүрүү боюнча иштерди улантарын кошумчалады. Азыркы тапта ирригациялык системаны өнүктүрүү боюнча 10 жылдык программа иштелүүдө. Анда өлкөнүн мелиоративдик мүмкүнчүлүгү республика боюнча 50 миң гектарга кеңейет.
«Былтыр Агроөнөржай комплексиндеги башкаруу системасын модернизациялоо башталган. 2020-жылга чейин машина-трактордук станция түзүү Программасын ишке ашыруу бекитилген. 2016-жылы өлкө боюнча 32 МТС ишке кирип, лизинг боюнча жалпы суммасы 376,7 млн. сомдук 259 даана техника берилди», — деди Сооронбай Жээнбеков.
[su_carousel source="media: 93625,93635" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 93286,93287,93288,93293,93294,93295,93297,93302,93304,93307,93309,93311,93313,93314,93315,93316,93317,93318" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92918,92919,92920,92921,92922,92923,92924,92925,92926,92927" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 92349,92350,92351,92352,92353,92354,92355" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 91978,91979,91980,91981,91982" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 90517,90518" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 89064,89065,89066,89067,89068,89069,89070,89071,89072,89073,89074,89075,89076,89077,89078,89079,89080"][su_carousel source="media: 88897,88898,88899,88900,88901,88902"][su_carousel source="media: 87678,87677,87676,87675,87674,87673,87672,87671,87670,87669,87668,87667,87666,87665"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү