02
Февраль
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламентке Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуу жыйынтыктары тууралуу маалымат берди
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Төмөндө Өкмөт башчынын «Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги интеграциясынын негизги жыйынтыктары» баяндамасынын текстин келтиребиз:
«Урматтуу Төрага! Урматтуу депутаттар!
Евразия экономикалык бирлигине кирип жатып, биз товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүнүн жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсүн максат кылганбыз. Кыргызстандын ЕврАзЭСке киргени өлкөбүз үчүн пайдалуу болду десек жаӊылышпайбыз. Келишимдеги шарттарды аткаруу үчүн бизге ыӊгайлуу өткөөл учуру берилди. Бажы алымдары боюнча биздин үлүш 1,9%ды түздү. Ал эми Армения үчүн бул коэффициент 1,21%ды гана түздү.
Мен өзүмдүн докладымда төмөнкү үч суроого токтолоюн:
Биринчи – ЕврАзЭСке кошулгандан кийин биз эмнелерге жетиштик?
Экинчи – Бүгүнкү күндө кандай көйгөйлүү маселелер бар?
Үчүнчү – Мындан ары Өкмөт эмнелерди пландаштырып жатат?
Биринчиден, бирликтин алкагында Кыргызстан төмөнкү натыйжаларга жетишти.
1) Эмгек мигранттарынын ишке орношуусу жөнөкөйлөштү; алардын үй-бүлөлөрү үчүн социалдык жактан жагымдуу шарттар жаралды.
Мындан улам сырткы трансферттер 18,5%га көбөйдү.
2) Россиядан бөлүнгөн 200 млн. долларга бажы посттору, өткөрүү пункттары жана лабораториялар жабдуулар менен камсыз болду.
3) «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркеч-Там» өткөрүү пункттары жана 7 ветеринардык-контролдук пункттар жабдылды. Алар: «Кара-Суу» темир жолундагы, «Манас», «Ош» аэропортторундагы жана «Торугарт», «Эркеч-Там», «Достук», «Кызыл-Бел» пункттары.
Мындан сырткары мамлекеттик бюджеттин эсебинен кошумча 8 өткөрүү пункттун курулушу жана жабдылышы боюнча иштер жүрүп жатат.
4) Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда фитосанитардык контроль алынып салынды (2015-жылдын 18-ноябрында).
5) Кыргызстандын 30 аккредитацияланган лабораториясы жана сертификациялоо боюнча 9 органы ЕврАзЭСтин Бирдиктүү реестрине киргизилди. Алар Бирликтин бардык аймагында бирдей таанылган документтерди беришет.
6) Кыргыз-Россия өнүгүү фонду түзүлдү. Ал 2015-жылдын сентябрынан баштап РСК жана Айыл банктары аркылуу 3 млн долларга чейинки кредиттерди ишкерлерге берип баштады. Азыркы учурда буга «Кыргызстан» жана «БТА Банк» да кошулду.
Бүгүн Россиядан бөлүнгөн 500 млн. долл. каражаттын 202 млн. долларына 640дан ашык долбоор жактырылды.
7) ЕврАзЭС менен Вьетнамдын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашуулар күчүнө кирди. Иран, Египет, Сербия, Сингапур жана башка өлкөлөр менен макулдашуулар жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле Кытай менен да сүйлөшүүлөр башталды. Мунун баары биздин дагы соода аймагыбызды кеӊейтип, ири инвестициялык долбоорлор үчүн преференцияларды берет.
8) Техникалык жардам катары берилчү 100 млн. доллар боюнча Казакстан менен макулдашууга кол коюлду.
9) Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюлду.
10) Биздин өлкөгө импорттолгон товарлардын наркын төмөндөтүү үчүн кыска мөөнөттүн ичинде «Темир жол транспорту жөнүндө» Мыйзам кабыл алынды.
11) Казакстандын территориясы аркылуу темир жол менен Кыргызстанга, – же Кыргызстандан жүктөрдү ташууда унификацияланган тарифтерди колдонуу боюнча Казакстан менен Макулдашууга кол коюлду.
12) Тышкы сооданы статистикалык жактан так эсепке алууну жогорулатуу боюнча чаралар көрүлдү. Мындан улам отчёт берген субъекттердин саны 3,6 эсеге көбөйдү.
13) Интеграциянын шартында 2016-жылдан баштап фискалдык саясат мурдагыдан да либералдаштырылды.
14) Айыл чарба жана тамак-аш продукциясын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары үчүн азыр колдонулуп жаткан жеңилдиктер 2018-жылдын 1-сентябрына чейин сакталды.
15) Ички өндүрүүчүлөрдү коргоо үчүн импорттук товарлардын бааларына эң төмөнкү деңгээлди белгилөө боюнча ченем киргизилди.
16) Мурдагы 20 техникалык регламентке кошумча – быйылтадан тарта Кыргызстанда Бажы бирлигинин 15 тех регламенти күчүнө кирди.
17) Бүгүн ветеринардык контролго алынуучу айыл чарба продукциясын Россияга экспорттоо үчүн 18 кыргыз ишканасына, Казакстанга экспорттоого 8 ишканага уруксат берилди.
Алар: сүт продукциясы боюнча – 12, балык боюнча – 3, бал боюнча – 2, эт продукциясы боюнча – 1 ишкана.
18) Кыргызстандын катышуусу менен Евразия экономикалык бирлигинде Бирдиктүү энергетикалык рынокту түзүү программасы жактырылды. Буга мунай жана газ боюнча жалпы рынокторду өнүктүрүү багыты да киргизилди.
Бирдиктүү өнөр жай саясатын түзүү боюнча иштер башталды.
Урматтуу депутаттар! Эми ЕврАзЭСтин жалпы рыногун толук кандуу өздөштүрүү үчүн дагы кандай көйгөйлүү маселелер жана тоскоолдуктар бар экендигине токтолоюн.
1-көйгөй. ЕврАзЭСке кошулгандан тартып тышкы соода көрсөткүчтөрү бардык өлкөлөрдө бир кыйла төмөндөй түшкөн.
Анын ичинде биздин өлкөдөгү 2016-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча экспорт – 317,2 млн долл. (8,1%га кыскарды), импорт – 1426,4 млн долларды түзүп, 18,5%га азайган.
2016-жылдын 11 айынын ичинде Бирликтин өлкөлөрү менен болгон тышкы соода жүгүртүүлөрдүн көлөмү 1743,6 млн долларды түзүп, 16,7%га кыскарган.
2016-жылдын январь-ноябрь айларынын ичинде жалпы импорт 3620,4 млн долларды түзүп, 0,1%га кыскарган. Импорттун көлөмү эт азыктарында 3,2 эсеге, транспорттук каражаттар 1,7 эсеге, фармацевттик продуктулар 31,2%га кыскарган.
Бирок ЕврАзЭСтин курамына кирбеген өлкөлөрдөн кирген товарлардын импорту өскөн. Анын ичинде Кытайдан келген импорт 1,5 эсеге, Түркиядан келген импорт 12,2%га, Америкадан келген импорт 1,3 эсеге көбөйгөн.
Импорт боюнча негизги өнөктөш өлкөлөргө – Кытай (импорттун жалпы көлөмүнүн 37,6%ын түзөт), Россия (22,9%), Казакстан (15,6%), Түркия (4,8%), АКШ (4%), Өзбекстан (1,7%), Германиялар (1,6%) кирет.
Экспорт 2016-жылдын январь-ноябрь айларынын ичинде 1268,6 млн долларды түзүп, 1,5%га азайган.
Анын ичинде: алтын 7,9%га, пластмасса буюмдары 1,6 эсеге, электр буюмдары 1,5 эсеге азайган.
ЕврАзЭС өлкөлөрүнө болгон экспорттун кыскарышы 8,1%ды түздү. Бул төмөнкүлөр менен шартталды:
- дүйнөдөгү мунайга болгон баалар кескин төмөндөдү;
- жалпы сатып алуучулук жөндөмдүүлүк кыскарды;
- кыргыз сомуна караганда башка өлкөлөрдүн валюталары кескин түрдө девальвацияланышы – ата мекендик товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн түшүрдү.
Буларга карабастан, Кыргызстанда экспорттун көлөмү алтынды кошпогондо 4,6%га көбөйдү.
2-көйгөй – кыргыз-казак чек арасында ветеринардык контроль дагы эле сакталып турат.
Бул маселени чечүү үчүн биз дагы төмөнкү жумуштарды аягына чыгарышыбыз керек. Аларга:
- малды идентификациялоо;
- эпизоотикалык мониторинг;
- зоналарга бөлүү;
- электрондук байкоо жүргүзүү системасын киргизүү иштери кирет.
Бул жумуштар жүрүп жатат жана ушул жылы аягына чыгат.
3-көйгөй. Бүгүнкү күндө республиканын модернизацияланып жаткан, жогоруда аты аталган пункттарга сатылып алынуучу 2-этаптагы жабдуулардын 49%ын жеткирүү кечиктирилип жатат.
Муну менен катар азыркы тапта бир нече лабораториялар үчүн өнөктөштөрдөн келчү жабдуулар да кечиктирилип жатат.
Өткөрүү пункттарында чек аралык контролдун техникалык жабдылышы да кыйынчылыктарды жаратууда.
4-көйгөй. Тышкы соода боюнча статистиканын сапатын жакшыртуу боюнча көйгөйлөрдү мыкты эл аралык тажрыйбаларга таянуу менен иштеп чыгабыз.
Урматтуу депутаттар!
Сөзүмдүн үчүнчү бөлүгүндө ЕврАзЭСтин шарттарына кыргыз экономикасын адаптациялоо боюнча – Өкмөттүн мындан аркы пландарына токтолуп кетейин.
1) Өкмөттүн 2017-жылдагы башкы милдеттеринин бири – экспортту өнүктүрүү болот. Айыл чарба продукцияларын экспорко чыгаруу үчүн зарыл механизмдердин баары иштелип чыгат.
2) Кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык контролду алып салуу – Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп кала берет. Кыргызстандын ветеринардык системасынын Бирликтин өлкөлөрү менен эквивалент катары таанылышына жетишүү керек.
Бул үчүн: бүт республика боюнча малды идентификациялоону улантабыз; Жаңы ветеринардык лабораторияларды куруу жана мурдагыларын модернизациялоо иштери тездетилет. Мындан сырткары мал доктурларды окутууну токтотпойбуз.
3) Биз Армениянын тажрыйбасын эске алып, Дүйнөлүк соода уюмуна жана ЕврАзЭСке тиешелүү милдеттерибизди бири-бирине шайкеш келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.
4) Евразия шарттарына адаптациялоо үчүн чакан жана орто ишканаларга колдоолор көрсөтүлөт. Анын ичинде ISO (ИСО) жана НACCP (ХАСП) стандарттарына ылайык келтиребиз.
5) Чек араларда пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн бизнес-коомчулук жана эл менен биргелешкен аракеттер күчөтүлөт.
6) Кытай, Түркия, Араб өлкөлөрүнүн катышуусу менен ЕврАзЭСке экспорттоого багытталган биргелешкен кооперациялык ишканаларды түзүүгө стимул берген механизмдерди киргизебиз.
7) Ошондой эле, биз 100 млн. долл. өлчөмүндө макулдашылган сумманы алуу боюнча Казакстан менен болгон иш-чараларды улантабыз.
8) Мындан сырткары, Евразиялык экономикалык комиссиянын ишинде кыргыз тарабын активдештирүү иштери – Өкмөт үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет. Алардын арасына:
- Бирликтин жалпы финансы рыногун түзүү концепциясын иштеп чыгуу;
- Кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногун түзүү;
- Бирликке мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө келишимдин долбоору боюнча талаштарды жөнгө салуу кирет.
Сөзүмдүн аягында, урматтуу төрага, урматтуу депутаттар,
Сиздер тараптан көрсөтүлгөн бардык колдоолорго ыраазычылык билдирем. Жана мындан ары да биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын биргелешип алдыга жылдыра берели демекчимин!».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү