27

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу өлкө парламентине отчет берет

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эртең, 27-апрелде, Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.

Белгилейт кетсек, Премьер-министрдин Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу отчету өлкө парламенти тарабынан бекитилген жаңы форматта даярдалган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын Жогорку Кеңешке өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берет. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамдын 12-беренесине ылайык Премьер-министр жыл сайын 15-майга чейин Жогорку Кеңешке парламент тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасы тууралуу өткөн жыл үчүн отчет берип турат.

Парламент жыйынында Өкмөттүн отчетун талкуулоо – 27 апрелде саат 9.30. башталат.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү