24
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн парламентинин профилдик комитетинде Өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча отчет берет
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков эртең, 25-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылда аткарган ишмердүүлүгү тууралуу отчет берет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын Жогорку Кеңешке өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу отчет берет. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамдын 12-беренесине ылайык Премьер-министр жыл сайын 15-майга чейин Жогорку Кеңешке парламент тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасы тууралуу өткөн жыл үчүн отчет берип турат.
Премьер-министрдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету парламенттик фракцияларда жана комитеттерде талкуудан өтүп, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына коюлат.
Буга чейин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету парламенттин коалициялык көпчүлүгүндө жана “Республика – Ата-Журт” фракциясында талкуудан өтүп, канааттандырарлык деп жактырылган.
Белгилесек, Премьер-министрдин Өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча отчету парламент бекиткен жаңы форматта даярдалган.
Жыйындын башталашы: 25-апрель, саат 10:00дө. Өткөрүу жери: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындар залы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү