16

Январь

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Манас аэропортуна жакын жерде жүк ташуучу Боинг — 747 учагы кыйраган жерге барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы Манас аэропортуна жакын жерде жүк ташуучу Боинг — 747 учагы кыйраган жерге барды.

Эскертсек, бүгүн болжол менен таңкы саат 07:30да жүк ташуучу Боинг — 747 учагы аэропорттун конуучу аянтына жетпей жарылып кеткен. Учак «Түрк авиалиниясына» таандык. Кырсык болгон жерде куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат.

Жергиликтүү саат боюнча 09:30га карата маалыматка ылайык, учактын кыйрашынын натыйжасында адам курмандыктары жана жабыркагандар бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, 15ке жакын турак-жай талкаланган, 20га жакын адам курман болгон. Жүк ташуучу учактагы өрт өчүрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү